mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Баткендин эң алыскы Зардалы айылына жол салуу. Министр Сыргабаев ишти жеринен көзөмөлдөдү

Бүгүн, 18-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткендин эң алыскы Зардалы айылына барып, жол куруу иштеринин жүрүшүн текшерди.

Учурда Кызыл-Таш- Зардалы багытынын болжол менен 200 метр аралыгында кеңейтүү (зоону бургулоо, жардыруу) жана чыйыр жол салуу иштери кызуу уланууда. Жолдун жалпы оңдоло турчу тилкеси 18 чакырымды түзөт.

Министр Сыргабаев аткарылып жаткан жумуштарды өз мөөнөтүндө бүткөрүү, коопсуздук жана сапатка өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрда Баткен облусундагы эң алыскы Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы