mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу кайсы этапта?

Бүгүнкү күндө Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулуш иштери Кочкор районунун аймагында кызуу жүрүп, 40-чакырымында бургулоо-жардыруу жумуштары аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, Балыкчы-Кочкор темир жол линиясы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ. Бул маршрут келечекте Макмалдагы бекет аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна туташып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол түйүнүн түзүүгө жол ачат.

Бул ири инфраструктуралык долбоор Кыргызстандын экономикалык жана транспорттук потенциалын жогорулатуу менен катар, региондордун өнүгүшүнө да салым кошот.