mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бɵкɵнбаев-Тосор-Жылуу-Суу унаа жолу калыбына келтирилүүдөɵ

Ысык-Кɵл облусунун   Тон  районундагы Бɵкɵнбаев-Тосор-Жылуу-Суу унаа жолунун 5 чакырымы калыбына келтирилүүдө.  Күз- кыш мезгилинде жаан, кардан улам пайда болгон аң-чɵнɵктɵр тегизделип,   кум-шагыл  аралашмасын тɵшɵɵ иштери аткарылууда.

Титулдук тизмеде каралган жер иштери №33 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан  жүрүүдө.

Ушул жылдын курулуш мезгилинде аталган жолдун 2 чакырымына асфальт тɵшɵɵ пландалууда.

Оңдоо иштери пландалган график боюнча жүргүзүлүп, сапатына өзгөчө көңүл бурулууда. Жолдун сапатын жакшыртуу аймактагы жашоочуларга гана эмес Жылуу-Суу булактарына барган  туристтерге да ыңгайлуу шарт түзүп, жол коопсуздугун камсыз кылат.

 

Министрликтин маалымат кызматы