mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ашууларда кар. Жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

“Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.

27-март күнү саат 23:30да Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө бүгүн эртең менен саат саат 08:30да алынды.

Ал эми Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда бороон басыла элек. Жол жакшы көрүнбөй, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда. № 960 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда. Кошумча маалымат берилет.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы