Ат-башы районунда жол иштери активдүү жүрүүдө
- 58 просм.
Ат-Башы районундагы Калинин–Погранич–Кызыл-Туу унаа жолунун 8–11-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүп, жалпы 2 км 800 метр асфальт катмары төшөлдү. Калган участокто жолдун негизи даярдалып бүттү. Аба ырайы жакшыраары менен асфальт төшөө иштери улантылмакчы.
Мындан тышкары, жол астынан өткөн суу түтүктөрү калыбына келтирилип, бетон аралашмасы менен бекемделүүдө.
Ушул эле жолдун 13-чакырымынан 18-чакырымга чейинки аралыгы жана Таш-Рабат унаа жолунун 15-чакырым аралыгы толугу менен калыбына келтирилип, жол бети сүрүлүп тегизделди.
Жогоруда айтылган иштер №957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып, сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, мөөнөтүнөн кечикпей үзгүлтүксүз жүрүүдɵ.
Министрликтин маалымат кызматы