Асфальт төшөө, аң-чөнөктөрдү толтуруу, сүрүп, тегиздөө… Аймактарда аткарылган жумуштар…
- 58 просм.
Жети дубан жолдорунда асфальт төшөө менен катар, аң-чөнөктөрдү толтуруу, сүрүп, тегиздөө, жол белгилерин орнотуу, айлананы иретке келтирүү сыңдуу жол иштери кызуу жүрүүдө. Алсак, азыркы тапта Калинин-Погранич-Кызыл-Туу унаа жолунун 3 чакырым аралыгында, Миң-Булак жолунда (8,5-10-чакырымдар аралыгы), Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолунда жана Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 12-чакырымынан тарта асфальт төшөө иштери аткарылып жатат.
Аны менен катар Ат-Башы-Кында-Торугарт (50-220 чакырымдар аралыгы), Кулжа-Башы-Көк-Кыя (0-25-чакырымдар аралыгы), Кызыл-Булак-Орто-Кашка-Суу (0-10-чакырымдар аралыгы) жана Сары-Булак-Арчалы-Орук-Там унаа жолунун 57-130-чакырымдар аралыгы атайын техниканын жардамы менен тегизделүүдө.
Ал эми Нарын-Оруктам жолунун 20-23-чакырымдар аралыгында жолдун негизин даярдоо, Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш жолунда аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган жумуштар жети дубан жолдорунда тең жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы






