Арал-Казарман жолу: Бир тараптуу каттам берилди
- 80 просм.
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 277-278-чакырымдар аралыгы тазаланып, бир тараптуу каттам берилди.
Белгилей кетсек, 18-июнга караган түнү саат 01:00-01:30 аралыгында жолдун жогоруда аталган тилкесине тоо боорунан таш көчкү түшүп, жолду бөгөп калган. Жерине дароо № 18 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылып, тынымсыз тазалоонун натыйжасында эртең менен саат 06:00дор чамасында бир тараптуу каттам берилди. Азыркы тапта жолчулар тарабынан тазалоо, кеңейтүү иштери уланууда.
Ошондой эле, Арал-Казарман жолунун 252-чакырымында да тоо боорунан түшкөн таштар тазаланып жатат. Каттам бар.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы