mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Араван району: Жол куруу жана оңдоо иштери

Араван районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. №44 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Көчүбаев–Сүткор автожолунун 4 чакырымына жана Араван–Мангыт жолунун 2,5 чакырымына асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, Ош–Араван–Чек-Абад автожолунун 10 чакырымына асфальт төшөө долбоорунун алкагында эски асфальт катмарын алуу, жолдун негизин даярдоо, кеңейтүү жана суу өткөрүү түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле №44 Жол тейлөө ишканасы тейлеген автоунаа жолдорунда жол чийиндерин чийүү жана белгилерди жаңылоо иштери улантылууда. Ар бир аткарылган жумуш мамлекеттик стандарттарга ылайык, сапаттуу жана коопсуздукту камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы