Абсаттар Сыргабаев ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин жыйынына катышты
- 102 просм.
Бүгүн, 2-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 12- жыйынына катышып жатат.
Иш-чаранын алкагында транспорттук байланыштарды кеңейтүү, логистикалык коридорлорду өнүктүрүү, транспорттук тоскоолдуктарды азайтуу жана санарип технологияларды киргизүү сыяктуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды.
Министр Сыргабаев өз сөзүндө өлкө үчүн артыкчылыктуу болгон “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору ишке ашып жатканын белгиледи.
“Бул долбоор – үч мамлекеттин лидерлеринин саясий эркинин жана биргелешкен аракеттеринин жемиши. Учурда курулуш иштери татаал тоолуу шарттарда, өзгөчө Фергана тоннелинде кызуу жүрүүдө”, — деди министр.
Мындан тышкары, ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев кызматташтыкты чыңдоо маселелерине да токтолду.
Кеңешменин алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт ведомстволорунун ортосунда жол тейлөө объектилерин өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

